Published June 30, 2024 | Version v1
Journal article Open

Билим берүү жана ишкердик: реалдуу экономикага таасир берүү системалары

  • 1. эконом.илимдеринин кандидаты Ош мамлекеттик университети

Description

Билим берүү жана ишкердик өлкөнүн экономикасын калыптандырууда чечүүчү ролду ойнойт. Бул статьяда билим берүү менен ишкердик  ортосундагы татаал өз ара аракеттенүүнү жана алардын реалдуу экономика тайгизген таасири, жарандардын финансылык сабаттуулугу туралуу сөз болот. Билим берүү тутумдары ишкердикке, ой жүгүртүүгө жана жүрүм-турумга кандай таасир этээрин, ошондой эле ишкердик экономикалык өсүшкө жана инновацияларга кандай салым кошуп, алардын өз ара байланышына ар тараптуу анализ берүүнү максат кылабыз.

Ачкыч сөздөр: бизнес-башкаруу, каржы, насыя, грант, менеджмент, маркетинг, ишкердик, экономикалык өсүш, жумуш орундарын түзүү, өндүрүмдүүлүк, рыноктук атаандаштык.

Билим берүү жана ишкердик өнүгүп келе жаткан жана прогрессивдүү коомдун пайдубалын түзгөн эки маанилүү система. Билим берүү экономикалык өнүгүүнүн фундаменталдык кыймылдаткычы катары каралып, инновацияларды киргизүү, адаптациялоо жана жумушчу күчтү тартуу үчүн керектүү көндүмдөр жана билимдерди талап кылат. Билим берүү инсандарды билим, көндүмдөр жана сынчыл (критикалык) ой жүгүртүү жөндөмдөрүн калыптандырса, ишкердик  ресурстарды инновацияларды жайылтуу, жумуш орундарын түзүү жана экономикалык өсүүнү стимулдаштыруу , салыктык нормаларды аткаруу, эмгек рыногунун талаптарына жооп берген кызматтарды  ишке ашырат.   Мындан сырткары ишкерлер бизнес-башкаруу, финансы, маркетинг жана стратегиялык пландаштыруу сыяктуу чөйрөлөрдө керектүү теориялык билимдерин практикада колдоно алат.

Files

7-bilimberuucana.pdf

Files (458.1 kB)

Name Size Download all
md5:3502a4a43e6b40e5e89fea123161bf1f
458.1 kB Preview Download