Published June 15, 2025 | Version v1

ДЕНЕ ТАРБИЯ САБАКТАРЫНДА МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ ТАЖРЫЙБАЛАРЫ

  • 1. Ош мамлекеттик университетинин магистранты. Кыргыз Республикасы

Description

Бул макалада дене тарбия сабактарында маалыматтык технологияларды (МТ) колдонуу тажрыйбалары жана алардын билим берүү процессиндеги ролу талданат. XXI кылымда билим берүү тармагында МТнын кеңири колдонулушу, айрыкча дене тарбия сабактарында, студенттердин окууга болгон мотивациясын арттырууга жана окуу процессин жекече өздөштүрүүгө шарт түзүүдө. Автор дене тарбия сабактарында колдонулуп жаткан мультимедиялык материалдар, видеосабактар, интерактивдүү тренажёрлор, онлайн платформалар жана акылдуу шаймандар сыяктуу каражаттардын мүмкүнчүлүктөрүн ачып берет. Ошондой эле спорттук машыгуу, мелдештерди уюштуруу, ден соолукту чыңдоочу физкультура жана билим берүү программаларында МТны колдонуу ыкмалары камтылган. Изилдөөлөрдүн негизинде маалыматтык технологиялар студенттердин кыймыл активдүүлүгүн жогорулатууга, физикалык даярдыгын көзөмөлдөөгө жана окутуунун сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөрү белгиленет. Макала жогорку окуу жайларында МТны интеграциялоо боюнча мисалдар жана укуктук-методикалык база менен да тааныштырат.

Files

111111-26-32.pdf

Files (411.6 kB)

Name Size
md5:008ad0aaa9ab8c6d002f347dcd1a4ee3
411.6 kB Preview Download

Additional details

Software